Кытай Эл Республикасы дүйнөдөгү эң бай өлкө аталды. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазышат.
Маалыматка ылайык, акыркы 20 жыл ичинде дүйнөлүк киреше 3 эсеге жогорулады. Анын ичинде Кытай дүйнөдөгү эң бай мамлекет аталып, АКШны артка калтырды.
Изилдөөдө дүйнөлүк кирешенин булагын түзгөн 10 өлкөнүн улуттук балансы анализденген. Анда Кытайдын капиталы 2000-жылы 7 триллион доллардан 120 триллион долларга өскөн деп айтылат ачык булактарда.