Жапайы жаратылыштын эң күлкүлүү сүрөттөрүн тандаган жыл сайын берилүүчү "Comedy Wildlife Photography Awards 2021" сынагы жеңүүчүлөрүн жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Жылдын эң күлкүлүү сүрөтү болуп "Ой!" аталышындагы сүрөт тандалган. Сүрөттү фотограф Кен Женсен Кытайдан тартып алган. Анда фотограф зымга ыңгайсыз отурган эркек маймылды тартып алган. Сыйлык катары ал Кенияда бир жумалык сейилдөө жана кубок алат.
Сиздердин назарыңыздарга ар кандай номинациялар боюнча жеңүүчү фотографтардын эмгектерин сунуштайбыз:
"Чындыгында, эркек маймыл ал учурда агрессивдүү болгон. Бирок анын абалы абдан оор көрүнөт!", - деген фотограф.