Бишкекте жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн 18 транспорттук жана 5 жөө адамдар үчүн жаңы жол чырактар орнотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
"Бүгүнкү күндө 15 транспорттук жана 3 жөө адамдар үчүн жол чырак объектиси тесттик режимде иштеп жатат. Дагы 3 транспорттук жана 2 жөө адамдар үчүн жол чырак ишке киргизилүүдө. Быйылкы жылдын титулдук тизмеси боюнча 20 объектинин долбоордук-сметалык документтерин даярдоо пландалууда. Бирок алар келерки жылы курулат", - деп билдиришти мэриядан.
Тизме шаардыктардын кайрылууларынын, райондук акимчиликтердин сунуштарынын негизинде жана борбор калаанын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жол кыймылын көзөмөлдөө бөлүмүнүн корутундусун эске алуу менен түзүлгөн.
Шаардын көчөлөрүндө транспорт үчүн 33 жол чырак жана 10 жөө адамдар үчүн светофор пайда болот. Алар негизинен мектептердин, бала бакчалардын жанында жана эл көп жүргөн жерлерде орнотулат.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарында жаңы светофорлор жол кыймылын жөнөкөйлөтүү, ошондой эле коопсуздукту жакшыртуу, биринчи кезекте жолдогу абалды жакшыртуу жана кырсыктардын санын азайтуу максатында орнотулат.