Чүй облусунун Ысык-Ата районунда каза болгон "Түндүк электр" ишканасынын кызматкерлеринин окуясы боюнча комиссия түзүлдү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
"Азыр кызматкерлерибиздин сөөгү өлүкканада. Ал эми бул окуя боюнча комиссия түзүлүп, азыр териштирүү башталды. Унаа боюнча да териштирүү жүрөт, андан соң кенен маалымат беребиз",- деди басма сөз кызматы.
17-ноябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болуп, дагы 6 киши жаракаттарды алганы, ошондой эле кагылышуудан улам жүк ташуучу унаа күйгөнүн ӨКМнын маалымат кызматынан
кабарлашкан.