Москва бийлиги курулушта иштеген мигранттардын санын кыскартат

Москва бийлиги курулуш иштеринде иштеген мигранттардын санын кыскартат. Бул тууралуу шаардык курулуш департаментинин жетекчиси Рафик Загрутдинов билдиргенин орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, эмгек мигранттарынын санын кыскартуу этап-этабы менен жүргүзүлөт.
Москва мэри Сергей Собянин реновация программасына ылайык, мигранттардын санын кыскартуу боюнча тапшырма берген. Анын айтымына караганда, Орусиянын жакынкы райондорунан жумушчуларды тартуу жана эмгек акысын көбөйтүү зарыл. Муну менен бирге татыктуу эмгек шарттарын түзүү керектигин билдирген.
"Биз подрядчылар менен келишим түзүп жатканда материалды сатып алуу, курулуш иштери, жумушчулары тууралуу эч кандай талап коё албайбыз. Бирок тапшырма берилди, акырындык менен башташыбыз керек.
Эмгек мигранттарынын санын кыскартуу этап-этабы менен жүргүзүлөт. Тактап айтканда, массалык түрдө кыскартуу жүрбөйт", - деген Загрутдинов.
Белгилей кетсек, буга чейин Москва бийлиги мигранттарга курулуш иштеринде иштөөгө уруксат бербей калышы мүмкүн экендиги маалымдалган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2021-11-18 13:21:24
Жылда ар нерсени ойлоп табасынар же толк болсо мейли!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан