Бүгүн, 18-ноябрда БШК тарабынан Жогорку Кеңешке депутаттарын шайлоонун кандай тартипте өтөрү тууралуу маалымат берилип жатат.
Анда урналар орнотулуп, жаңы бюллетендер боюнча дагы маалымат берилүүдө. Ошондой эле урналарга пломба басылып, байкоочу комиссия тарабынан кол коюлган контролдук баракчалар ташталды.
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын үгүт иштериндеги мыйзам бузуулар боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө.
Белгилей кетсек, иш-чара №7410 шайлоо участогунда өткөрүлүүдө.