Ооганстандын борбору Кабул шаарынын батышында кечээ, 17-ноябрда эки ирет жардыруу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жардыруудан жарадар каза болгондор жана жарадар болгондор бар. Биринчи жардыруу Кабулдун Даште-Барчы аймагында болуп, жардыруучу зат унаага коюлган. Террордук чабуулдан үч адам каза болгон.
Экинчи жарылуу Кабулдун Дехбури аймагында болгон. Ал жерде полиция бөлүмүнүн аймагында дагы бир унаа жардырылган. Бул жарылуудан 4 адам каза болгондугу айтылууда.
15-ноябрда дагы Кабулдун батышындагы аймакта жарылуу болгон. Анда бомба кичи автобуска коюлган жана жарылуудан бир нече адам каза болгон.