Ат-Башы райондук ооруканасынын башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

УКМКнын Коррупцияга  каршы күрөшүү кызматы тарабынан 11-ноябрь күнү Ат-Башы аймактык ооруканасынын башчысы иш бөлмөсүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирет. 

Маалыматтарга караганда, оорукананын башчысы мээрман айымдын милдетин убактылуу аткаруучудан  ооруканада биротоло иштөө үчүн 7 миң сом талап кылган.    

Бул факты боюнча "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "пара талап кылуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголду.  

Шектелип жаткан адам учурда Нарын ШИИБнин убактылуу кармоочу жайында. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан