Бишкектин Кара-Жыгач жаңы конушунда 9 жаштагы бала асынып алды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-ноябрь күнү Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө бала суицид жасаганы боюнча маалымат келип түшкөн. Жерине Октябрь РИИБинин ыкчам-тергөө тобу барып, жансыз денеге кароо жүргүзгөндө эч кандай күч колдонуу белгилери аныкталган эмес.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.