Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 82 баш койду уурдап, Өзбекстанга өткөрүп жиберүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сузак районунун Багыш айыл аймагынын тургуну 1973-жылы туулган Ж.Ы. Сузак РИИБине арыз менен кайрылган. Арызында 19-июнь күнү баласы 26 баш кой жана 25 баш козуну талаага жайганы алып чыгып, андан соң үйүнө келе берген. Ошол убакытта койлор талаадан жоголуп кеткен.
Дагы бир Сузак районунун тургуну арыз менен кайрылып, 24-сентябрь күнү болжол менен түш чендерде Таш-Булак айылынын талаасында жайылып жүргөн 31 баш коюн белгисиз кылмышкерлер уурдап кеткендигин, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.
Натыйжада жалпы эки арыз боюнча жабырлануучулар бир миллион сомдон ашуун зыянга учурашкандыгын, койлордун баары гиссар породасында болгон.
Аталган фактылар "уурдоо" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Сузак районунун тургуну 1977-жылы туулган Ш.М. кармалып, тергөөгө камсыздалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө Сузак райондук сотунун чечими менен шектүү 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Шектүү уурдалган койлорду Аксы районуна алып барып сатып, Өзбекстан Республикасына өткөрүп жибергендиги белгилүү болгон. Жалал-Абад ОИИБинин жана Сузак РИИБинин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан уурдалган 28 баш койлор ээлерине кайтарылган.