Ысык-Көл облусунун тургунунан баӊгизат жана курал алынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүүнүн үйүнө тинтүү жүргүзүү учурунда курал-жарактар табылып алынган.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында Ак-Суу РИИБинин баӊгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Теплоключенка айылынын 31 жаштагы тургуну аныкталып, анын жашаган жеринде мыйзамдуу кароо иштери өткөрүлгөн.
"Натыйжада милиция кызматкерлери полиэтилен баштыкка салынган баӊгизатына окшош өсүмдүктү таап алышкан. Андан сырткары үйүнөн пневматикалык жана травматикалык тапанчалар, ошондой эле 2 пневматикалык мылтыктар да табылган. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча алынган өсүмдүк кургатылган марихуана баӊгизатына кирери жана жалпы салмагы 550 граммга жакын экендиги аныкталды. Аталган факты учурда Ак-Суу РИИБинде каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Тергөө кызматы тарабынан шектүү жарандын башка кылмыштарга тиешеси бар же жогу текшерилүүдө", - деп жазылат маалыматта.