Ысык-Көлдө 50 жаштагы эркек киши өзүн-өзү атып салды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында 50 жаштагы эркек киши өзүн-өзү атып салды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-ноябрга караган түнү саат 00:55 чамасында Жети-Өгүз РИИБине өзүн-өзү атып алуу фактысы катталганын айтып "Тез жардам" кызматы кайрылган.

"Жерине кызматкерлер барганда 1971-жылы туулган айыл тургуну өзүн-өзү атып алганы аныкталган. Анда ал өзүнө катталган курал менен ээгине такап туруп атынганы белгилүү болгон. Окуя катталган жерден курал алынып экспертизага жөнөтүлгөн. Аялынын айтымында, алар укташкандан кийин күйөөсү башка бөлмөгө кирип атынганын айткан. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалган", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KG-312
2021-11-18 15:00:06
Дүңктөн дозасынан ашыкча сайынганго байкуш!!!
+1
souza.j
2021-11-18 15:09:20
Жашоо тойгузганда
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан