"Тезек терген Бакиевдик заманга кайтабызбы?". Элди кыйынчылыкка кептеген энергетика көйгөйү

Алдыда кычыраган кыш, көмүрдүн баасы асман чапчыйт, калк электр энергиясын үнөмдөп жашашы керек. Ага ылайык, үйдө тиричилик буюмдарын кезек-кезеги менен иштетүү зарыл, мүмкүн болсо үйдү көмүр менен жылытып, газга тамак бышырса деген пикирди мамлекеттик тийиштүү кызматтар ачык эле айтып, атүгүл эскертүү беришүүдө.

Көмүр менен электр жарыгы элдин учурдагы эң орчундуу маселеси болууда.

Бул жолу электр жарыгына тиешелүү социалдык тармакта айтылган пикирлер, энергетика жаатындагы көйгөйлөр тууралуу сөз кылабыз.

Анда сөз башынан болсун.

Кечээ социалдык тармакка Кадамжай райондук РЭСи үйлөрдү кыдырып, ашыкча электр жылыткыч, мештерди колдонууга тыюу салынганын жергиликтүү тургун Наргиз Мадеминова жазып чыккан.

Аталган жаңылык көпчүлүктүн талкуусуна жем таштады. Социалдык тармактын колдонуучулары мындай кадамга барууну түрдүүчө сындап жатышат. Алардын бир нечесин белгилей өтөбүз.

"Ушул жашоого өзүбүз күнөөлүүбүз. Күнөөнү чоңдорго жүктөй бербей, ошол чоңдорду убагында татыктуусун тандашыбыз керек эле. Болбогон бир акчага алданбай".
"Жылыткычты кышында иштетпегенде жазында иштетеби? Той, ресторан, кафелердеги ашыкча чырактарды өчүр. Сууктан чоң киши өлбөйт, кичинекей балдардын шору кайнайт го".
"Тобоо, 70ке чыгып биринчи жолу көрдүм мөөр койгонду. Мындан ары кандай жашоо болот бүдөмүк...".
"Ушул жашоого өзүбүз келдик. Үнөмдөө дегенди билбейбиз".
"Кайра эски жашоого кетип жатабыз өнүкпөй эле. Өзүбүздөн чыккан көмүр асмандын башына чыкты. Эт, май баары кымбат. Бензинди башка жактан келди деп көтөргөнү жетишпей жатабы буларга?".
"Бакиевдик "тезек терген" заманга кайтабызбы? Электр жарыгынын маал-маалы менен өчүрүлүшү мага жакпай турат. Азыр техниканын заманы, бир үйдө он чакты электр приборлор бар. Улам-улам жарык өчө берсе алар күйүп кетет. Аны да аз эмес акчага алдык да. Элди түшүнүшсө болот эле".
Бул боюнча "Ош электр" ишканасынан чектен ашыкча колдонгон абоненттерге жеринен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, электр энергиясын көп талап кылуучу электр жылыткыч жана башка жабдууларын убактылуу пломба басуу иштери жүргүзүлүп жатканын айтышты. 16-ноябрга карата Кадамжай РЭСи боюнча лимиттердин ашыкча электр пайдалануусу 3 миллион 300 миң кВт саат же 24,4 пайызды түзгөн.
Ошондой эле аталган ишканадан жылытуу жана сууну ысытуу үчүн отундун башка альтернативдик түрлөрүн (газ, көмүр жана башка) колдонууну эскертишет.

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев электр энергиясын үнөмдөө Токтогул суу сактагычындагы суунун аз болгону менен байлыныштуу экенин айткан.

"Бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычында 11 миллиард суу бар. Анын көлөмүн 6 миллиардга түшүрүп жиберсек, кийинки жылга кыйынчылык жаратып алган болобуз. Биз мындай энергетикадагы кризисти жараткан жокпуз. Ушул абал боюнча кабыл алдык. Ошондуктан элди электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга үндөп жатабыз. Биз лимитти киргизгенибиздин себеби жарык отуралы дегенибиз".

Мындан тышкары учурда коңшу өлкөлөрдөн электр жарыгын импорттоо токтоп турганын кошумчалаган.

"Бүгүнкү күндө импорт токтоп турат. Биз өзүбүздүн генерациядагы электр энергиясы менен камсыздап жатабыз. Кыргыз өлкөсүнө 300 мВт электр энергиясы жетишпей турат", - деп кошумчалаган министр.

Электр энергиясын мезгил-мезгили менен өчүрүү эмне экенин эл Курманбек Бакиевдин заманынан жакшы билет. Анда бийлик кыштын күнү жарыкты сааттап өчүрүп, анын үстүнө баасын кымбаттатып элди кыйынчылыктарга туш кылган. Ошондой эле ал кезде Курманбек Бакиев элди тезек терүүгө чакырганы менен калктын эсинде калган.

Эске сала кетсек, калк электр энергиясына айына 700 кВт⋅саатка чейин кВт⋅саатына – 0,77 сом, айына 700 кВт⋅сааттан жогору болсо, кВт⋅саатына 2 сом 16 тыйындан төлөйт.

Белгилей кетсек, электр энергиясын чектөөгө ылайык, бир фазалуу колдонуучуларга 5 киловаттык, ал эми үч фазалууларга 10 киловаттык чектөө коюлган.

Чектөөгө ылайык:

  • Чектөөдөн ашкан колдонуучуларда электр кубаты автоматтык түрдө өчөт;
  • 5 киловаттан ашырбай колдонуу зарыл;
  • Тиричилик техникаларын баарын бир учурда эмес, кезек-кезеги менен иштетиңиз.
  • Ал эми электр кубаты лимиттен ашып өчкөн убакта акылдуу эсептегичтен күйгүзүп алса болот.

Бүгүн, 18-ноябрда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 миллиард 424 миллион кубду түздү. Суунун агып кириши 179 метр куб болсо, 537 метр куб суу агып чыккан.

Былтыр, 2020-жылы ушул күнү 14 миллиард 319 миллион метр куб болгон. 195 метр суу агып кирген болсо, суунун агып чыгышы 701 метр кубду түздү.

Былтыркы жылга салыштырмалуу болжолдуу 3 миллиардга суу аз болууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Isken90
2021-11-18 18:57:44
Бул бийлик эптей албайт окшойт мамлекети
+5
ruslan1111
2021-11-18 19:25:04
энергетика министри ушул боюнча алдык дебей жаздан бери сууну сатпай алдын ала чара көрүш керек эле.Алар эптей албагандан кийин пок барбы,ушул боюнча алдык дейт дагын бирөө зордуктап алып бардыбы,жирный места деп барып алдыда
+9
Fernando_Torres
2021-11-18 19:46:52
Сууну каласан калабасанда ал силерге тоо эмес ордунда тура бергидей ага берет кете берет суу акпаса кайдагы свет болот суу аккан үчүн агригат иштеп анан ток чыгарып беретда
-1
Kolyaa
2021-11-18 19:46:53
Азыргы бийлик ушул кетиште кыштан чыкпай куулат.Тажаган эл бир күн көтөрүлөт.
+8
-Aybek18
2021-11-18 20:19:03
Чоңдор 30 жыл бирини бири кууп,бийлик атасыдан калгансып бийлик талашып ушул акыбал болду.элдин саны өсүп жатат техника өнүгүп жатат кошумча ГЭС салыш керек деп элди эч бири ойлободу
+10
Alixan-Nookat.2015
2021-11-18 20:41:53
Бакиевдин убагында светке болгон баа кымбат эмес эле
-2
Isken90
2021-11-18 20:42:07
Значить Курманбек Салиевичте эч кандай куноо жок экенда.
-7
Isken90
2021-11-18 20:45:19
Супер Инфо суу негизи аз болуп жата окшойт Курманбек Салиевичти кошпой жазсанар болобу. Кылычбек Султановду приздент кылса анда башкача тема коймоксунар суу аз Бакиев алып кети деп
0
Agayu
2021-11-18 20:58:20
Бул али ничего Суу талашып согуш чыкса олгонубуз ошол .
+12
Dembele84
2021-11-19 06:49:46
Жазда кам коруш керек болчу,кыш келгенде элди кыйнабай.Жапаров жарытпайт бул кетиште
+5
Fernando_Torres
2021-11-19 07:47:27
Суу жок деген бул значить өлөрүнө аз калды намаз оку дегенди билдирет ушул жердеги бүт барастарга айтып койойун динде Журбосон ошол суу эмес сийдик ичесинер аркага өтпөйт убакыт алдыга жылат эврейлерде болушу мүмкүн дикийлер
-4
Nursul
2021-11-19 10:30:32
Кордук эле заман болуп калды азыр, баарына эле запрет кылып келатышат, электр энергиясын пайдаланба дешет көмүр жагайын десең кымбат өзүң тиккен тал теректерди кыйып жагайын десең ага штраф салышат өзүң кылган нерсеге өзүң ээ эмессин азыр. Анан ошондо элдер эмне кылыш керек, жакында газты да кымбаттатышат бул эшектер.
+5
Katrina.
2021-11-19 17:17:17
Nursul,Бул бийлик да айдалганы калды окшойт.
0
Rusbayastan
2021-11-19 15:08:59
Тезек терейик десек кышында тезек дагы жок,жайында айтканда камданып алмакпыз тезек терип.
+2
Antiradikal10
2021-11-19 21:08:27
Бул бийлик буга чейинки бардык бийликтен ашып тушот окшойт. 30 жылда олко онолуп, кыргыз эли жакшы жашоого жеткен жок. Бирок бугунку кундогудой кымбатчылык тарыхта болгон эмес, 90-жж.кошпогондо...

Эгер бугун мигранттар болбогондо, 90-жж. да хуже жашамакпыз.

Шайлоо да отот, бирок ушул эле жашоо болот. Жапаровдун тили эле бар экен. Куру убададан тажабаган бири экен. Мына, кыйратып жатат, элди кыйнап.....
+1
Kolyaa
2021-11-20 15:48:01
Садыр Жапаровдун айткан сөзү бар эле "3 жылда тышкы карыздан кутулабыз, 5 жылда башка мамлекеттерге жардам берип баштайбыз" деген.
Ошол сөзүн айтканына бир жарым жыл болду азыргы убакта деле карыз алып атпайбызбы.

Тышкы карыздын мөөнөтүн узартып койду,узарганда акча кошулатда ал жагы менен иши жок.

Күнөөнү каронавируска коюп кутулат эми.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан