МАИчини унаанын капотунда сүйрөгөн окуя: Айдоочу кармалды

Буга чейин Бишкекте такси кызматынын айдоочусу Патрулдук милициянын кызматкерин унаанын капотунда сүйрөгөн видео тараган. Учурда айдоочу кызматкерлер тарабынан Октябрь РИИБине жеткирилген. Бул тууралуу патрулдук милициядан билдиришти.

"Бүгүн саат болжол менен 11:30 чамасында Горький жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Бирок айдоочусу кызматкерлердин мыйзамдуу талабына баш ийбей каршылык көрсөткөнгө аракет кылган.

Азыркы учурда айдоочу кызматкерлер тарабынан Октябрь райондук ИИБине жеткирилген. Толук маалымат дагы такталып, кененирээк берилет", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KG-312
2021-11-18 15:10:58
Айдоочуда жинди экен, маиге түштүңбү адамча эле сүйлөшта, аларда адам, түшүнөт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан