Энергетика министри Чүйдө жол кырсыгынан каза болгон кызматкерлердин жакындарына көңүл айтты

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев Чүйдө жол кырсыгынан каза болгон "Түндүк электрдин" кызматкерлеринин жакындарына жана туугандарына көңүл айтты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Энергетиктер оор жоготууга учурады. Жол кырсыгынын кесепетинен каза болгон "Түндүк электр" ААКсынын 3 кызматкеринин жакындарына жана туугандарына Энергетика министрлигинин жана өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтам.
Бул жол кырсыгы ар бир жарандын жүрөгүн жаралап өттү. Кызматтык милдетин так аткарып, кырсыктын кесепетинен каза болгон кызматкерлердин элеси энергетиктердин жүрөгүнүн түпкүрүндө сакталат", - деп жазылат маалыматта.
17-ноябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болуп, дагы 6 киши жаракаттарды алганы, ошондой эле кагылышуудан улам жүк ташуучу унаа күйгөнүн ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан