"62 миңден ашык бөтөлкө". Чүй облусунда мыйзамсыз чыгарылган алкоголдук ичимдиктер сакталган кампа табылды (фото)

Чүй облусунда мыйзамсыз чыгарылган алкоголдук ичимдиктер сакталган кампа табылды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Салык кызматынын кызматкерлери Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы рейддик иш-чаранын жүрүшүндө тиешелүү лицензиясы жок алкоголдук ичимдиктер сакталган кампаны аныкташкан.
ыйзамсыз жүгүртүүдөгү ар кандай аталыштагы жана идиштеги жалпы 62 миң 85 бөтөлкө алкоголдук ичимдиктер тартып алынган. Анын ичинен 23 миң 739 бөтөлкө арак кампадан табылса, 38 миң 376 бөтөлкө кампанын короосунда турган унаага жүктөлгөн", - деп билдирди аталган кызмат.
Буга байланыштуу ишкер субъектисине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан