"Айланайын айдоочу, жол кырсыгынан кырылып калмай болдук". Акыркы эки айда 49 адам жол кырсыгынан каза болду

SUPER.KG порталы акыркы эки айда адам өмүрүн алган жол кырсыктарынын айрымдарын топтоду.

Баткенде жеңил унаа сайга түшүп кетип, 3 адам каза болгон

5-сентябрь күнү Баткен облусунун Кадамжай районунда 3 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталган. Анда кырсык болжол менен саат 04:30 чамасында катталган. Ош облусунун Өзгөн районунун 1985-жылы туулган тургуну өзүнүн Daewoo Tico унаасы менен Өзгөн шаарына бара жатып, рулга ээ боло албай карама-каршы багытка жолдун сол тарабына чыгып, тереңдиги 10 метр болгон сайга түшүп кеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча, айдоочу уктап кеткен. Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана Кадамжай районунун жана Ош шаарынын бир тургуну каза болгон.

Баткенде эки унаа сүзүшүп, 2 адам каза болду

Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана-Кайрагач жолунда жол кырсыгынан 2 адам каза болгон. Кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши каза болуп, 7 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Жабыркаган жарандар "Тез жардам" кызматы аркылуу Сүлүктү шаардык ооруканасына жеткирилген.

Токтогулда Жигули менен күйүүчү май ташыган унаа бетме-бет кагылышып, 3 адам көз жумду

15-сентябрь күнү Жалал-Абад облусунда 3 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталган. Анда Жигули унаасы Ош тарапты көздөй бара жатып карама-каршы тилкеге чыгып, күйүүчү май ташыган унаа менен бетме-бет сүзүшкөн. Аны Нарын облусунун Кочкор районунун тургуну башкарып келе жаткан. Кырсыктын кесепетинен Майлуу-Суу шаарынын 24-25 жаштардагы 3 тургуну окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми күйүүчү май ташыган унаадан эч ким ооруканага кайрылган эмес.

Токмоктогу кырсыктан 2 адам каза болуп, дагы 7 адам жаракат алды

2-октябрда саат 11:30 чамасында Токмок шаарында эки адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталган. Гагарин жана Шамшинский көчөлөрүнүн кесилишинен Тойота Рав 4 унаасы менен Мазда унаасы сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Тойота Рав 4 унаасындагы 2 жүргүнчү каза болуп, 7 адам денесинен ар кандай жаракаттарды алып, Токмок шаардык ооруканасына жеткирилген. Кырсыкка кабылган Тойота Рав 4 унаасы президенттик аппаратка таандык экени айтылып, өлкө башчынын аппаратына кайрылганыбызда унаа алардын администрациясына таандык эместигин билдиришкен.

Ысык-Көлдө Лексус унаасы оодарылып, кримтөбөл Рысбек Акматбаевдин ата-энеси көз жумду

4-октябрда Ысык-Көл облусунда жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болгон. Анда Чолпон-Ата шаарынан Балыкчыга бара жаткан Лексус 300 унаасынын айдоочусу бурулуштан рулга ээ боло албай калган. Унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1937-жылы туулган А.А. жана 1940-жылы туулган жубайы С.С. окуя болгон жерден көз жумган. Жергиликтүү маалымат каражаттары каза болгондор кримтөбөл Рысбек Акматбаевдин ата-энеси экенин жазып чыгышкан.

Таласта Хонда-Степвагондун алдынан жылкы чыга калып ДАФ менен сүзүшүп, 8 адам каза болгон

15-октябрь күнү саат 22:54 чамасында Талас районунун Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 61-чакырымында Хонда-Степвагон менен ДАФ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаалар жол кырсыгына кабылып, 8 адам каза болгон. Анда адам өмүрүн алган Хонда Степвагондун алдынан жылкы чыга калган. Көз жумгандардын ичинен эң улуусу 60 жашта болсо, кичүүсү 12 жаштагы өспүрүм.

Чүйдө Mercedes Benz бакты сүзүп, 2 адам мүрт кеткен

Чүй облусунда жол кырсыгынан 2 адам каза болгон. 27-октябрь күнү саат 07:52 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунда Mercedes Benz C 180 үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып бакты сүзгөн. Жерине 3 куткаруучу тартылган. Кырсыктын кесепетинен 1 аял жана 1 эркек киши каза болуп, дагы бир жаран жабыркаган.

Таласта "Тез жардам" унаасы кырсыкка кабылып, 2 медицина кызматкеринин өмүрү кыйылды

Талас облусунда "Тез жардам" кызматынын унаасы кырсыкка кабылып, 2 кызматкер каза болду. Жол кырсыгы 26-октябрь күнү кечке маал Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылы менен Бакай-Ата айылынын ортосунда болгон. Анда "Тез жардам" унаасы даракты сүзгөн. "Тез жардам" унаасы райондук биргелешкен ооруканасына түшкөн чакырууга бара жатканда даракка урунган. Кырсыктын кесепетинен анын ичиндеги фельдшер жана айдоочу каза болгон.

Бишкектеги айланма жолдо жол кырсыгы катталып, 2 адам жеринде жан берди

Бишкектеги айланма жолдо жол кырсыгы катталып, 2 адам жеринде жан берди. Дагы 10дон ашуун жаран жабыркап, ооруканага жеткирилген. Кырсык 7-ноябрда айланма жолдо орун алып, анда кичи автобус менен Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаалар сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен жоготуулар болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, эл ташыган Спринтер унаасы жол эрежесин одоно бузуп, карама-каршы тилкеге чыгып айдагандан улам жол кырсыгы келип чыкканы айтылган.

Бишкек-Ош унаа жолунда чаламандын чак түшүндө жол кырсык 7 адамдын өмүрүн алды

16-ноябрда Ош облусунун Кара-Суу районунун Бишкек-Ош унаа жолунда КамАЗ менен Mercedes-Benz Sprinter жана Daewoo Nexia унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Анда 7 адам каза болуп, 15 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, эл ташыган Спринтер унаасы жол эрежесин одоно бузуп, карама-каршы тилкеге чыгып айдагандан улам жол кырсыгы келип чыкканы айтылууда. Каза болгондордун арасында боюнда бар келин да бар болгон. Учурда калган жабыркаган жарандар ооруканада.

"Түндүк электр" ишканасынын унаасы күйүп, 3 кызматкер каза болду

17-ноябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болуп, дагы 6 киши жаракаттарды алышкан. Маалыматка ылайык, УАЗ жүк ташуучу унаа "Түндүк электр" ишканасына таандык болгон. Алдын ала маалымат боюнча, Тойота Ипсум унаасын башкарып бара жаткан 41 жаштагы Б.К. рулга ээ боло албай, каршы тилкедеги УАЗ менен сүзүшкөн. УАЗ унаасы оодарылып, өзүнөн-өзү тутанып өрт чыккан. Кырсыктын кесепетинен УАЗдын айдоочусу жана эки жүргүнчүсү алган жаракаттарынан улам жеринде каза болушту. Мындан тышкары Тойота Ипсум жана УАЗдын 4 жүргүнчүсү Кант шаардык ооруканасына жеткирилди.
Ред: Бул топтомго акыркы 2 айдагы кээ бир адам өмүрүн алган кырсыктар кошулган жок.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
KG-312
2021-11-18 17:42:44
Бийлик күнөөлүү, жолго бөлүнгөн акчанын жарымын жеп, жарымына сапатсыз, 12 метрлик жолду 10 метр кылышып, тоесть иичке, эки тилке эле жол салып койушууда. Ошонун айынан авария көп болтат. Эгер жолду кеенен кылып салса, же төрт тилке кылса, эки тилкедеги унаалар каршы тилкеге чыкпай эле бир биринен ашып айдап кете бермек! Авариянын 90% ы каршы тилкеге чыгып кетип болууда.
+4
KaGaH
2021-11-18 18:11:17
KG-312,встречкага чыкпай айдашса болот,бийликтин эч күнөөсү жок!
права сатып алган мээси жоктордо күнөө!
мээси жоктор кантип айдашты билбейт,мисалы бурулушта,подьемдо обгонго чыкса болбойт,слепая зона деп коёт,эки жол жанаша келип бириксе знак жок болсо оң тарапка уступать эетесиң,помеха справа деп коёт аны,перекрестокто обгон запрещен,дагы көп мисалдар,автошколада окубаган мээси жоктор аны кайдан билмек эле,самоуничтожение болуп атат,бирок алар менен кошо күнөөсүз адамдар да кетип а
+4
Antiradikal10
2021-11-19 22:22:09
KaGaH, ошого бийлик куноолуу эмеспи, айдоочулук куболук сатылып жатса. Бийлик каратып туруп танып кетет, айдоочулук куболук сатылган жок деп. Каякта?! Ошол айдоочулук атайы мектептерде окуп да жол эрежелерин жакшы билишпейт. Бугун айдоочулук куболук алып жаткандар оз кучу менен экзамен тапшырса, 90-95%ти сынактан кулап калмак. Алардын ордуна экзамен алгандар оздору толтуруп жатат, озунун компьютеринен экзамендеги балдар отурган компьютерлерди башкарып, жооп берип.
0
Antiradikal10
2021-11-19 22:26:42
KaGaH, бугун жолдо жургон айдоочулардын 95%ти айдоочулук куболукту сатып алгандар. Арасында атайы айдоочулук курстарда окугандар болушу мумкун. Бирок ал курстар да талапка жооп бербейт. Эгер бугунку айдоочулардын баарын башынан экзаменге киргизип, таза экзамен болсо, бугунку ар 10 айдоочудан 9у экзаменден кулап калмак.

Эгер айдоочулук куболуктор сатылбаса, жолдорго знактарды, камераларды туура орнотсо, ГАИшниктер жакшы иштесе, соттор адилеттуу болсо, жол кырсыктары азаят.
0
Dembele84
2021-11-19 06:55:08
Куноосуз адамдардын мерт кеткени жалко болуп жатат.А праваны сатып алган опкосу жоктор озу болсо мейли.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан