Канаданын Британ Колумбиясы провинциясында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен пайда болгон чоң селден улам өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу аймактын башчысы Жон Хорганга шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
"Акыркы күндөрү Британ Колумбиясынын жашоочулары үчүн табигый кырсыктан улам укмуштуудай оор болду. Катуу шамал, нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкындары провинциянын бүтүндөй айылдарын кыйратты", - деген аймактын башчысы Жон Хорган.
Анын айтымында, миңдеген адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Буга байланыштуу жергиликтүү бийлик федералдык өкмөткө жардам сурап кайрылган. Тактап айтканда, аскер кызматкерлери аймакка жөнөтүлөт. Жергиликтүү телеканалдын маалыматы боюнча, 18 миңге жакын кишини эвакуациялоого буйрук берилген. Хорган бир адамдын өлүмү тастыкталганын айткан.