
Борбор калаанын милициясынын ыкчам кызматкерлери унаа уурдоого шектүүнү кармашты. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, райондук милицияга Ооганстан Республикасынын жараны М.М. арыз менен кайрылып, 15-ноябрь күнү болжол менен саат 18:00дөн 08:30га чейинки убакта унаа токтотуучу жайдан Хонда-Одиссей үлгүсүндөгү унаасын мыйзамсыз ээлеп алган белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.