Өлкөдө январь-сентябрда микро насыяларды берүүчү уюмдар тарабынан 27 миллиард 400 миллион сом суммасында насыя берилди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин сайтында көрсөтүлөт.
Маалыматка караганда, насыя алгандардын саны 490 миң адамдан көп.
Микро насыя алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 10 пайызга кыскарды. Ал эми берилген микро насыялардын көлөмү тескерисинче 17 пайызга өстү.
Эң көп микро насыялардын суммасы:
2021-жылдын 9 айында берилген микро насыялардын жалпы көлөмүнүн 36 пайыздан ашыгы керектөөчүлүк муктаждыктарга, 30 пайызга жакыны айыл чарба ишмердиктерин өнүктүрүүгө, 10 пайыздан ашыгы соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө жана 9 пайызга жакыны курулушка багытталды.