Бишкекте каракчылыкка шектелип 3 бала кармалды. Алар коркутуу жолу менен жарандын 20 миң сомун тартып алышкан деп кабарлашты Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан.
Шаар тургуну 13-ноябрда Биринчи Май РИИБине арыз менен кайрылып, Махатма Ганди жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз балдар коркутуп, 20 миң сомун тартып алганын айткан.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-берене менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
"Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө карактоого шектелип 20 жаштагы К.И., мурда соттолгон 18 жаштагы М.Э. жана 20 жаштагы С.А. колго түшүрүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда алардын мындан башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат", - дешти башкармалыктан.