Бишкек шаарында каракчылыкка шектүү жаран Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлдү. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Маалым болгондой, 17-ноябрда шаар тургуну карактап кеткен жарандага карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда 17-ноябрга караган түнү саат 03:40 чамасында Алтын-Казык конушунан белгисиз жарандар физикалык күч колдонуп, коркутуу жолу менен 20 миң сомдук телефонун жана 4 миң сомун тартып алганы айтылган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене ("карактоо") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.
"Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 1992-жылы туулган Д.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган, мурда соттолгон. Учурда шектүүнүн мындан башка кылмыш иштерине катыштыгын аныктоо амалдары улантылып жатат", - дешти мекемеден.