Ошто жашы жете элек балдар арасындагы кылмыштуулук маселеси талкууланды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова тийиштүү тармактардын жетекчилери менен биргеликте жыйын өткөрдү. Анда балдар арасындагы кылмыштуулуктун, суициддин алдын алуу, билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, билим берүү мекемелериндеги коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу маселеси көтөрүлдү.
Ош шаардык прокуратурасынын өкүлү Өмүрбек Жужуров бул багытта аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Ошону менен катар вице-мэр алдыда өтүүчү шайлоодо мыйзам бузуучулукка жол бербөөгө чакырып, муниципалдык кызматкерлердин үгүт иштерине аралашуусуна чара көрүлө турганын эскертти.