Бүгүн, 18-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 424 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
"18-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 424 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 179 метр куб, агып чыгышы 537 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
Былтыр, 2020-жылдын 18-ноябрында Токтогул суу сактагычында суу 14 миллиард 319 миллион метр кубду түзгөн. Ал эми суунун агып кириши былтыркыга салыштырмалуу аз болууда.