Орусиянын аэрокосмикалык күчтөрүнүн үч Ил-76 учагы Ооганстанга 380 адамды эвакуациялоо үчүн барды. Бул тууралуу "РИА новости" басылмасы билдирди.
Маалыматка ылайык, жарандарды эвакуациялоо Орусиянын президенти Владимир Путиндин тапшырмасы менен ишке ашырылууда. Эвакуациялана турган 380 жарандын арасында Орусия, Беларусь, Кыргыз өлкөсү, Армениянын жарандары дагы бар.
Мындан тышкары ушул эле аскердик учактар Кабулга гуманитардык жүк жеткирген. Учактардын ар биринде 36 тонна гуманитардык жүк болгондугу айтылат маалыматта.