"Кыргыз көмүр" ишканасы кошумча жаңы техника алды. Буга чейин аталган ишканада техника жетишсиз болуп келген.
"Ишкана эки экскаватор сатып алды, эми кошумча техникалар менен көмүр казыла берет. Эске сала кетсек, ишкананын техникалары жетишсиз болуп келген. Мындан улам президент Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен техника бөлүп берген", - дешти маалымат кызматынан.