Агасы издеп жаткан 13 жаштагы Адинай Жаныбекова аман-эсен табылды


Бишкекте 13 жаштагы Адинай Жаныбекова дайынсыз болуп изделип жаткан. Свердлов РИИБинин маалымат кызматынан өспүрүм кыз аман-эсен табылып, жакындарына өткөрүп берилди дешти.

"Бүгүн, 18-ноябрда Адинай Жаныбекова шаардын башка районунан аман-эсен табылды. Балдар инспектору кыз менен сүйлөшүп, анын ата-энесине профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Учурда кыздын үйдөн чыгып кетишинин себебин аныктоо амалдары улантылууда", - дешти маалымат кызматынан.

Эске салсак, Адинай Жаныбекова 14-ноябрда саат 14:30 чамасында Сүйүнбаев-Осмонкулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайрылып келген эмес. Бул туурасында милицияга кыздын агасы айтып кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kolyaa
2021-11-18 21:42:05
Жоголду деп, кайра эле табылды деп сүрөткө түшүп коюшат. Эмне себептен жоголду? Кайсыл жерден табылды? Эч кандай маалымат жок ПИЯР кылып атышабы дейм.
0
bazar
2021-11-19 05:54:19
Kolyaa,подписчиктерин көбөйтөйүн десе керек
0
Dembele84
2021-11-19 07:09:23
Жоголуп кайра табылуу оюнчук болуп калды окшойт жаштарга.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан