Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жаныбек Абиров УКМКга суракка чакыртылды. Ал эртең, 19-ноябрда сурак берерин өздүк булактар билдиришти.
Маалым болгондой, Жаныбек Абиров жашы жете электерди үгүт иштерине тартканы үчүн сурак берет.
Буга чейин социалдык тармактарга талапкердин үгүтчүлөрү менен кошо түшкөн сүрөтү жарыяланган. Андан Абировдун артында кыздар, балдардын турганын көрүүгө болот. Окурмандар талапкер үгүт иштерине жашы жете электерди тарткан деп жазып чыгышкан.
Жаныбек Абиров Ленин районунун 26 округунан бир мандаттуу талапкер катары парламенттик шайлоого аттанды.