Акылбек Жапаров: "Биз "жакыр" өлкө синдромунан баш тартуудабыз"

Арменияда өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушту. Алар эки тараптуу кызматташтыктан ар кайсы багыттары боюнча пикир алышты.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушууда салык жана бажы органдарынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү, анын ичинде салыктык башкаруу тутумун техникалык жана программалык камсыздоону өнүктүрүү маселелери талкууланды.

"Биз "жакыр" өлкө синдромунан баш тартуудабыз, ал үчүн бардык ресурстарыбызды колдонууну каалайбыз. Салык жана бажы процедураларын фискалдаштыруу боюнча Орусиянын тажрыйбасы биз үчүн абдан маанилүү. Салык жана бажылык башкаруу тутумун толук санариптештирүү аркылуу жакынкы келечекте бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтөбүз деп үмүттөнөбүз", - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Михаил Мишустинге Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалда зыянга учураган Баткен облусунун айрым аймактарын калыбына келтирүү жана коронавируска каршы вакциналарды жеткирүү боюнча көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүйлөшүү учурунда тараптар гуманитардык чөйрөдө эки тараптуу мамилелерди чыңдоонун маанилүүлүгүн да белгилешти. Тактап айтканда, 2019-жылдан бери Кыргыз Республикасында ийгиликтүү ишке ашырылып келе жаткан “Чет өлкөдө орус мугалими” долбоору жана 2022-жылы өлкөбүздө 9 билим берүү уюмунун курулушу талкууланды.

Орус тарап Кыргыз жарандарына добуш берүү үчүн шайлоо участкаларын уюштурууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Ошондой эле кыргыз тарапка шаарлар менен аба каттамдарын кайра жанданышы тууралуу маалымат берди.

Өкмөт башчылары соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча биргелешкен иш-чараларды жана Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишин жандандырууну талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Dembele84
2021-11-19 06:56:15
Кантип,светти экономдоппу или мигранттарды талаага жонотуппу?
+1
Baha.Kyrgyzstan
2021-11-19 09:34:20
Иттин богуна чыгып атасыңбы баа асманды чапчыйт свет өчүп суу жок бүлкүлдөп атасың
+2
Isken90
2021-11-19 11:52:19
Акылбек Жапаров бул накта куу тулку олушун эле билбейт
+2
Kushu_0703
2021-11-19 17:38:22
Мына комментарий жазгандар.пейилинерди ондосонор наалыбай.кок мээлер.шугур кылганды уйронгуло гангирабай
-3
Antiradikal10
2021-11-19 22:31:05
Бийликтин жугундусун ичкен бири журот, гангирап деп. Шугур кылгыдай Кыргызстан кой устуно торгой жумурткалаган заманда жашап жатабы не?! Эгер олкодо жашоо жакшы болсо, эмгекке жарамдуу элдин дээрлик жарымы тышта мигрант болуп тентип, кор болуп, эшек такалап журушобу?!

Балдарын таштап, тышта, бироонун журтунда кор болбой наристелеринин кулкусуно тоюп, кары ата-энелерин карап Кыргызстанда эле иштеп журо беришпейт беле?!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан