Бишкектин Октябрь РИИБинин жетекчисинин орун басары Бегайым Турапова кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдиришти.
Маалыматка ылайык, Турапованы Аскер прокуратурасы 6 балалуу Асыл Талипованын иши боюнча кармаган.
1-октябрда жактоочу Канат Хасанов Бишкек ШИИББинин алдына митингге чыгып, анда "алдамчылык" фактысы менен кармалган 6 балалуу 41 жаштагы аялдын СИЗО-1ге камалганына нааразычылыгын билдирген. Анда жактоочу бул ишке Октябрь РИИБинин кызматкерлери дагы аралашканын айткан.
Бул иш боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Октябрь РИИБинин башчысы Улан Аалиев кармалып, 2 айга УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Ошондой эле тергѳѳ кызматынын мурдагы орун басары Талгат Куватбеков жана тергѳѳчү Айсулуу Рамазан кызы дагы 2 айга камакка алынган.
Ал эми 15-ноябрда Бишкектин Октябрь РИИБинин тергөө кызматынын жетекчиси кармалган.