Нарында 9 айдын жыйынтыгы менен аккумулятор уурдоо боюнча 5 факты катталды

Нарын облусунун аймагында 9 айдын жыйынтыгы менен аккумулятор уурдоо боюнча 5 факты катталып, иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы Нарын облусунун аймагында аккумулятор уурдоо боюнча жалпы 12 факт катталган. Ыкчам иш-аракеттерин жүргүзүүнүн натыйжасында шектүүлөр Талас, Нарын облусунун жана Бишкек шаарынын тургундары экендиги аныкталып, катталган кылмыш иштеринин бети толугу менен ачылган.

Ал эми ушул жылдын башынан тарта, 9 айда аккумулятор уурдоо боюнча 5 факты катталып, бүгүнкү күндө ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан