Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту.
Тараптар Кыргыз-Орусия эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты, регионалдык коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашышты, ошондой эле жогорку деңгээлдеги тышкы саясий иш-чараларды уюштуруу боюнча келерки жылга пландарды талкуулашты.
2022-жылы Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына чоң маани берип, тараптар тарыхый датага карата биргелешкен иш-чараларды уюштуруу зарылдыгын белгилешти.
Маектештер Кыргыз-Орусия мамилелерин союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда бекемдөө максатында мындан аркы активдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдиришти.