Салык кызматы: "Унаа салыгын өз убагында төлөбөгөндөргө айып салды"

Салык кызматы унаа салыгын өз убагында төлөбөгөндөргө 739 миң сом суммасында айып салды. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Салык кызматы ушул жылдын 2-сентябрынан 10-ноябрына чейин Ички иштер министрлигинин, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте транспорт каражатына салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча 1418 рейд өткөрдү.

"Рейддин жүрүшүндө 28 миң унаа текшерүүгө алынган. Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы менен салыкты мыйзамда белгиленген мөөнөттө төлөбөгөндүгү үчүн 739 миң сом өлчөмүндө 739 административдик айып салынган.

Эскерте кетсек, быйылкы жылы унаа салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаган.

Мыйзамга ылайык, салыкты өз убагында төлөбөгөндөр үчүн 1000 сом өлчөмүндө административдик айып каралган. Мындан тышкары, салык төлөө мөөнөтү кечиктирилген ар бир күн үчүн туум эсептелет", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан