Балыкчы шаарында көп кабаттуу үйдүн батири күйүп, эркек киши түтүнгө ууланды

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында көп кабаттуу үйдүн батири күйүп, эркек киши түтүнгө ууланды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 07:10 чамасында Балыкчы шаарынын Гагарин көчөсүндө көп кабаттуу үйдүн бир батири күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Жерине Балыкчы шаарынын №19 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылып, саат 07:30да чектөөгө алып, 07:50дө толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен Ш.Т. аттуу 1947-жылы туулган эркек киши түтүнгө ууланып, куткаруучулар жабыркаган жаранды чыгарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришти.

Жалпысынан батирдин ичиндеги үй буюмдары күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан