"Түндүк электр" ААКсы туум акчаларды кыскартуу боюнча акция баштады. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Билдирүүдө айтылгандай, акциянын алкагында карызы бар абоненттер 31-декабрга чейин акчасын төлөсө, туум акча толугу менен кыскартылат.
"Муну менен абоненттер акчасын үнөмдөп эле тим болбостон карызы барлардын “кара тизмесинен” өчүрүшөт. Муну менен соттук териштирүүлөрдөн жана мыйзамда каралган башка жагымсыз көрүнүштөрдөн кутулушат. Акцияга керектөөчүлөрдүн бардык категориялары катыша алат. Эсептен акция бүткөндөн кийин чыгарылат. Акция ушул жылдын 31-декабрына чейин жүрөт", - деп жазылат маалыматта.
Акциянын шарты:
Кененирээк маалыматты 1209 Call-борборунан жана www.se.kg сайтынан алса болот.