Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунда барымтада адамдар бар экенин жана жардыруучу зат коюлганы боюнча жалган маалымат берген аял кармалган. Анын ишин Свердлов райондук соту карап, ал күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан SUPER.KG порталына билдиришти.
"Аял күнөөсүн моюнуна алды. Сот айыпталуучуга 220 миң сом айып салды", - деди басма сөз кызматынан.
Белгилей кетсек, 9-августта борбор калаада жайгашкан "Айчүрөк" соода борборунда эл эвакуацияланып, имараттын айланасы курчоого алынган. Көп өтпөй аталган соода борбордун кызматкери, бомба жана барымтада адамдар бар деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирген.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, аялдын мындай ишке баруусуна аталган соода борбордо иштеген күйөөсү менен урушуп кеткени себеп болгон", - дешкен аталган комитеттен.