Садыр Жапаров: "Баткен облусу 30 жылдан бери унутта калган облус болчу. Муну моюнга алышыбыз керек"

Президент Садыр Жапаров Баткен облустук медиа борборунун региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланыштуу актуалдуу суроолоруна жооп берди.
Суроо: "Садыр Нургожоевич алгачкы эле суроом сиздин акыркы чет өлкөлүк сапарыңыздын бирине байланыштуу. Тактап айтканда, Түркияга болгон сапарыңызда ал жактын бараандуу ишкерлерин Баткен облусуна келип ишканаларды ачкыла деп чакырдыңыз. Эмне үчүн Баткенге?"
Жооп: "Биринчиден, Баткен облусу 30 жылдан бери унутта калган облус болчу. Муну моюнга алышыбыз керек. Экинчиден, башка облустарга салыштырмалуу сугат жерлери да аз. Жердин көпчүлүк бөлүгү чопо топурак. Анан албетте элдин жашоо-шарты начарлап кетип, айрым жарандарыбыз үйлөрүн сатып салып көчүп кетишкен. Ошондуктан кызматка келген биринчи күнүмдө эле Баткен облусуна өзгөчө статус беришибиз керек деген тапшырманы бергем. Азыр эми өзгөчө статуска ээ болду. Эми бизнесмендер, жарандар салыктын бир топ түрлөрүнөн бошотулду", - деп жооп берген президент.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан