Майда деп маани берилбеген даараткана көйгөйү

19-ноябрь - Даараткананын эл аралык күнү болгон.

Алыс кетпей эле борбор калаадагы муниципалдык дааратканаларга көз салып көрдүк.

Алгач эле Кыргыз улуттук филармониясынын артында жайгашкан даараткана иштебей турганына күбө болдук. Бул боюнча шаардык мэрияга байланышканыбызда, аталган даараткана суу түтүктөрүн оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан иштебей турганын айтышты.

"Азыркы учурда бул даараткана суу түтүктөрүн оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан иштебей турат.

"Бишкек жашыл чарбанын" балансында 5 даараткана бар. Алардын арасында экөө оңдоо иштерине байланыштуу иштебей турат", - дешти мекемеден.

Бишкек шаарында жайгашкан муниципалдык даараткананын ичи.

Учурда Москва шаарында эмгектенип жүргөн Кымбат Токтоматова аталган шаардагы дааратканаларда жакшы шарттар түзүлгөнүн, атүгүл ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн дагы дааратканалар бар экенин айтты.

"Москвада дааратканаларда жакшы шарттар түзүлгөн. Ичи жарык, таза. Ошол эле учурда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн дагы атайын шарттар түзүлгөн. Мындай өзгөчө дааратканаларды соода борборлорунан, кеңселерден көрүүгө болот", - деди ал.

Ал эми Түркияда ишкерлик кылган Лира Жолчиева аталган өлкөдөгү дааратканалар тууралуу төмөнкүлөрдү айтып өттү.

"Түркияда дааратканаларда абдан жакшы шарттар түзүлгөн. Коомдук жайлардагы, атайын акы төлөнө турган дааратканаларда дагы эң жакшы шарттар бар. Узак жолго чыккандар үчүн дагы жолдо атайын акыркы технологиялар менен курулган дааратканалар коюлган.

Түркиянын айылдарына чейин барып келгем. Ал жакта дагы ар бир үйдө экиден даараткана бар. Бири короодо болсо, экинчиси кадимки унитаз. Ар биринде таза суу, канализация бар.

Биздин Кыргыз өлкөбүздөгү дааратканаларды көрүп жөн эле ыйлагың келет. Ушул көйгөй мени көптөн бери ойлондурат. Өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи туризм эмеспи. Бул тармакты өнүктүрүү үчүн керектүү шарттарды түзүү керек. Демек, бул көйгөй бир адам гана эмес, мамлекет ойлоно турган маселе.

Дагы кошумчалай кетчү жагдай, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын шарттар түзүлгөн. Мындан тышкары дааратканада кичинекей балдарга дагы көңүл бурулган", - деди мекендешибиз Жолчиева.

Стамбул шаарындагы аэропорттогу атайын үй жандыктарынын дааратканасы

Белгилей кетсек, мекендешибиз социалдык тармакта көп убакыттан бери тамаша-чыны аралаш постторду жазып, даараткана көйгөйүн көтөрүп келет.

Эске салсак, буга чейин жай айында Нарында жеке ишкер тарабынан салынган ажаткана уурдалганы айтылып, талкуу жараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kkkk3259780
2021-11-24 08:37:32
бизге чынында баары бир, суйлосо асмандан суйлойт...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан