Бүгүн, 19-ноябрда беш жылдан бери оңдоп-түзөө үчүн жабык турган Бишкектеги Улуттук тарых музейинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Музейдин ачылышынан видеорепортаж жана фоторепортаж тартуулайбыз.
Маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун катышуусунда салтанаттуу ачылышы театралдаштырылган концерттик программа менен коштолду.
Белгилей кетсек, биринчи он күндүктө, тактап айтканда, 20-ноябрдан 30-ноябрга чейин саат 10:00дөн 18:00гө чейин бардык жарандар музейге акысыз кире алышат.
Маалымат үчүн:
Кыргыз улуттук академиялык драма театрын оңдоп-түзөө иштерине аталган театрдын имаратын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 44 миллион 722 миң сом бөлүнгөн.
Тарых музейи 2016-жылы жабылып, реконструкциялоо башталган. 2018-жылы оңдоп-түзөө иштери соңуна чыгып, 31-август - Эгемендүүлүк күнүнө карата ачылышы керек эле. Бирок жасалуучу жумуштар соңуна чыкпагандыгына байланыштуу музейдин ачылышы белгисиз мөөнөткө жылдырылган.
Музейин оңдоодо 118 миллион сомдон ашык акча мыйзамсыз коротулганын Башкы прокуратурадан тастыкташкан.
Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Улуттук тарых музейинин капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жыйынтыктоо маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.
Мындан сырткары депутаттар Тарых музейинин абалы менен таанышып, көчмө жыйын өткөрүшкөн. Анда эл өкүлдөрү реконструкциялоо иштери 5 жылдан бери бүтпөгөн тарыхый мекемени ушул жылдын 31-августунда, тактап айтканда Кыргыз мамлекетинин эгемендик күнүнө карата ишке киргизүүнү белгилешкен.
Белгилей кетсек, 18-май - музейлердин эл аралык күнү. Дүйнө коомчулугу музейлердин эл аралык күнү катары белгилейт. Музейлердин эл аралык күнү ЮНЕСКО уюмунун 1978-жылкы чечимине ылайык белгиленип келет.