Бишкекте ПЦР-тестти тапшырууда адамдар суукка тоңуп кезек күткөнү боюнча Санэпидемстанциянын жообу

Жергиликтүү маалымат булактарына коронавируска карата ПЦР-тестти тапшырууда күнүнө 500гө жакын адам суукка тоңуп, тест тапшыруу лабораториясынын жанында кезек күтүп жатканы боюнча окурмандар билдиришкен.
Бул боюнча Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин директорунун орун басары Асылбек Сыдыкановго байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык.
"Буга чейин эле биз ал жерге эки контейнерди орнотуп, астын асфальттатып, био дааратканаларды да койдурганбыз. Кезек күткөндөрдүн арасынан улгайган жана оорулуу адамдар, кош бойлуулар контейнерге киришет. Бир күндө эле тест тапшыргандардын саны өтө көп болуп жатат. Аларды имараттын ичине алсак, аралык сакталбагандыктан вирустун жайылышына себеп болот. Ансыз деле анализ тапшыруу тез болгондуктан узакка чейин күтүшкөн жок", - деди Сыдыканов.
Кезек күткөндөрдүн абалы боюнча бүгүнкү чыккан маалыматтан кийин ал дагы кошумча тейлөө абалын жакшыртуу шарттары тууралуу айтып берди.
"22-ноябрдан баштап тест тапшыра тургандар алдын ала жазылуу аркылуу гана келишет. Кезек күтүп турбай, убактысын үнөмдөшөт", - деп кошумчалады ал.
Асылбек Сыдыкановдун айтымында, мындай тейлөө менен 1 саат ичинде 80 адам тест тапшырат. Ошондой эле контейнерлердин жанына сууктан коргонуу үчүн ачык материалдан тосулуп, жарандарга ыңгайлуу шарт түзүлөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан