УКМК "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн башчысы тарабынан "Ата Журт Кыргызстан" партиясынан талапкер Т.М. пайдасына үгүт иштерин жүргүзүү фактысын аныктады. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, тиешелүү чараларды көрүү максатында Базар-Коргон РИИБ жана Тез жооп берүү координациялоо тобунун кызматкерлерине бул факты боюнча материалдарды өткөрүп беришти.
"Факты РИИБдин маалымат журналына катталды. Бирок жоруктар беренесине ылайык текшерүү иштери токтотулган. Базар-Коргон районунун акими А.С. аттуу бөлүм башчысына катуу сөгүш тартиптик жазасын жарыялады", - деп жазылат маалыматта.