Дүйнөлүк күрөш уюму кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси Айсулуу Тыныбекова менен маек курду. Видео аталган уюмдун интернеттеги баракчасына чыкты.
Анда балбан кыз башында мыкты спортчу болоруна ишенбей турганын айткан.
"Чынын айтсам, башында күрөштө жүргөндө жыл сайын убактымды, жашоомду, жаштыгымды жоготуп жаткандай сезиле берчү. Көптөгөн жеңилүүлөрдөн кийин күрөштө жөн эле убакыт коротуп жүрөм, чоң спортто менден мыкты спортчу чыкпайт деген ойлор келчү. Бирок менин жеке машыктыруучум жеңилүүлөрдү чоң ийгиликтерге ачыла турган жол катары айтып, дем, үмүт берип, чоң ийгиликтерге жетеримди, биринчилерден болуп чыккан лидер, жол көрсөткүч болорумду, мени көрүп жаш кыздар шыктануу ала турган адам болорумду айтып күч-кубат берчү. Бул дем жан дүйнөмдө чоң ишеним жаратып, үмүттү бекемдеп турду. Ошого карабай “менден мыкты спортчу чыкпайт” деген ой кетпей жүрдү.
2017-жылы Дүйнө чемпиондугунда колуман алган жаракатыма карабай беттешке чыгып, коло байге алгандан кийин кадимкидей чоң ишеним пайда болду. Жараатыман арылсам Дүйнө чемпиону болорума толук ишендим", - деген Тыныбекова.