Караколдо окутуу борборунан өрт чыкты. Күзөттө турган милиция кызматкерлеринин аркасында өрт өчүрүлдү

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 19-ноябрга караган түнү "Келечек Академиясы" окутуу борборунда өрт чыкты. Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракетинин аркасында өрт четтетилди. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашат.

"Каракол ШИИБинин аймактык ыйгарым өкүлү жана Ысык-Көл ОИИБинин туристтик милициясынын тескөөчүсү 19-ноябрга караган түнү шаардын борбордук базарынын жанында кызмат өтөп жатышкан. Күзөттө турган кызматкерлер түнкү саат 02:00 чамасында "Келечек Академиясы" жайынын чатыры күйүп жатканын байкашкан.

Милиция кызматкерлери тиешелүү мекемеге маалымат беришип, андан кийин өрттү өчүрүү, жолду тазалоо аракетин көрүшөт. Өз учурунда келген өрт өчүрүүчүлөр өрттү тезинен өчүрүүгө үлгүрүштү", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан