Токмок шаарында аты-жөнү белгисиз жаран өз өмүрүн кыюуга аракет кылды. Ал мас абалда болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, бүгүн, 19-ноябрда саат 15:07де куткаруучуларга Токмок шаарында жайгашкан толук курулуп бүтө элек 9 кабаттуу имараттан эркек киши секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
"Жерине 5 куткаруучу барып, ИИМ кызматкерлери менен биргеликте сүйлөшүү жүргүзүштү. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында саат 15:30 чамасында боюн таштайм деген жаран имараттан түшүрүлүп, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаран мас абалында экендиги аныкталды, аты-жөнү такталууда", - дешти маалымат кызматынан.