Ош шаарында жол кырсыктарынан каза болгондорду эскерүү күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү. Шаардык милициянын кайгуул кызмат бөлүмү тарабынан атайын иш-чара уюштурулду.
"Анда Ош шаарындагы маршруттук каттамдарынын айдоочулары, автомектепте билим алып жаткан курсанттар жана Ош техникалык университетинин студенттери менен жолугушуу, жол кыймылынын эрежелери, өлкө аймагында болуп жаткан жол унаа кырсыктары, анын кесепеттери жана алардын келип чыккан негизги себептери туурасында кыскача маалымат берилди.
Иш-чаранын негизги максаты жол унаа кырсыктарынан каза болгон жарандарды эскерүү менен биргеликте мындан ары оор кесепеттер жана өлүм менен коштолгон жол кырсыктарын алдын алуу болуп саналат. Акыркы 10 ай ичинде Ош шаарынын аймагында 469 жол кырсыгы катталып, 632 адам ар кандай жарааттарды алышса, 17 адам каза болгон", - деп айтылат билдирүүдө.
Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын 2005-жылдын 26-октябрындагы резолюциясына ылайык, жыл сайын ноябрь айынын үчүнчү ишемби күнү “Дүйнөлүк жол унаа кырсыгынан каза болгондорду эскерүү күнү” болуп белгиленип келет.