
Интернет желесине кайсы бир ишкананын кызматкерлери металл алуучу жайга алюминий чубалгыларын өткөрүп жаткан видео тарады. Видео социалдык тармактарга жарыялангандан кийин Бишикек ШИИББи окуянын чоо-жайын аныктай турганын билдиришти.
"Бишкек жарык" ишканасы укук коргоочуларга кайрылды. Анда жетекчилик кызматкерлеринин видеого жазылып калган мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу боюнча чараларды көрүүнү суранды. Шаардык ички иштер башкы башкармалыгы ыкчам тергөө иштерин баштады", - дешти маалымат кызматынан.