Кайгуул кызматкерин унаанын капотунда сүйрөгөн айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Бишкекте патрулдук милициянын кызматкерин унаанын капотунда сүйрөгөн таксинин айдоочусу кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүдө шектүү 1990-жылы туулган Т.Н. экени айтылат.
Буга чейин Бишкекте такси кызматынын айдоочусу патрулдук милициянын кызматкерин унаанын капотунда сүйрөгөн видео тараган. Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси боюнча иш козголгону маалымдалган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан