Рыскелди Момбеков шайлоодон четтетилген жок

Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттыкка талапкер Рыскелди Момбековдун диплому боюнча маселени карады. Жыйында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова тергөө жана соттун жыйынтыгынан кийин чечим кабыл алуу сунушун киргизди. Жумушчу топтун мүчөлөрү төрайымдын сунушун колдоду.

Рыскелди Момбеков БШКнын чечими мыйзамдын талаптарына туура келерин айтат.

Буга чейин Рыскелди Момбеков жогорку билими боюнча дипломду мыйзамсыз алганын УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгынан маалымдаган. "Социал-демократтар" партиясынан Рыскелди Момбековдун жасалма диплому бар деген УКМКнын билдирүүсүнө комментарий берип, дипломдун күтүүсүздөн текшерилиши оппозициядагы депутатка басым жасоо аракети менен түшүндүрүшкөн.

Бүгүнкү жыйында Момбеков УКМКнын маалыматында анын күнөөсү далилденбегенин, сот карай турган иш экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
nurbek56
2021-11-20 00:52:09
Бул эки жуздуу чумону жок кылыш керек тили эле буудай куйруйт
+3
alimbek94
2021-11-20 01:46:55
Камчыбек Ташиевти да жок кылыш керек. Былыктын баарын ошол чмо жасап жатат
-7
Munir81
2021-11-20 08:44:24
alimbek94,озун жок болуп кетпе тилинди тый деген
+2
Lev79
2021-11-20 12:56:21
Munir81,Таши тил жулгуч бекен? Же сен тил жулгучусуңбу.
0
Katrina.
2021-11-20 10:24:05
Бет деген вообще жок экен го
-2
sezim1111
2021-11-20 10:36:01
Тилимде сөөк жок деп коркутса керекда, артынарды бут ачып сайрап салам деп ))))
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан