Бишкектеги айрым райондордун тургундары газдын жыты байкалып жатканын социалдык тармактарга билдирип чыгышты. Билдирүүлөрдөн кийин "Бишкекгаз" авариялык кызматы тарабынан чыгуулар болуп, текшерүүлөр жүргүзүлдү.
Текшерүүлөр атайын газ анализаторлордун жардамы менен жүргүзүлдү, бирок абанын курамында метандын изи табылбаганын маалымдашат аталган кызматтан.