Ысык-Көлдө мыйзамсыз бактарды кыйган деген шек менен жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ыйлайык, 19-ноябрь күнү Ак-Суу РИИБинин кызматкерлери тарабынан алынган маалымат боюнча Пионер айылынын 24 жаштагы тургунунун үйүндө мыйзамдуу тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Кароо учурунда анын үйүнөн ар биринин узундугу 5 метрди түзгөн, 16 даана мыйзамсыз кыйылган Тянь-Шань карагайы табылып алынган.
Бул факты Ак-Суу РИИБинде каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Материалдык зыяндын өлчөмүн аныктоо үчүн материалдар тийиштүү мамлекеттик органдарына жиберилген.
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы жергиликтүү тургундарды айлана-чөйрөнү сактоодо жарандык жоопкерчиликтерин көтөрүүгө чакырып, мыйзамсыз бак-дарактарды кыюу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жоопкерчиликтер каралгандыгын эскертишет. Эгерде кимде-ким мыйзамсыз бак-дарактарды кыюу менен алектенип жүрүшкөн жарандар жөнүндө маалыматтары болсо, милициянын «102» кызматына билдирип коюуну өтүнүшөт.